24.kg
Юлия КОСТЕНКО
09:24, 08 июня 2017, 24.kg

Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионатынын кимге берилери аныкталды

Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Алардын айтымында, чечим азырынча иш кагаздары менен бекитиле элек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары мугалимдердин эс алуусун уюштуруу үчүн аталган пансионатты Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүүнү сунушташкан.

Эскерте кетсек, 2007-жылы Максим Бакиев «Витязь» пасионатын жана анын 9,32 гектар жерин мыйзамсыз менчиктештирип алган. Аны менен мамлекетке 123 миллион 498 миң 700 сомго зыян келтирилген.

2010-жылы пансионат улутташтырылган.

Views
259
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18