24.kg
08:36, 08 июня 2017, 24.kg

Түркмөндөр 24 жылдан бери бекер колдонгон суу, жана газга эми акча төлөп баштайт

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдөгү социалдык жеңилдиктер системасын натыйжасыз деп атап, өкмөткө аны жоюуну тапшырды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агентиктерине шилтеп Азаттык кабарлайт.

Бердымухамедов учурда жеңилдиктер системасы толугу менен натыйжасыз болуп калганын белгилеп, вице-премьерге бардык жеңилдиктерди жоюу боюнча сунуш даярдоону тапшырды. Өлкө башчынын пикиринде, жеңилдиктер жарандардын бардыгына эмес, социалдык жардамга муктаждарга гана берилиши керек.

Түркмөнстан жарандарына сууну, газды жана электр энергиясын бекер пайдалануу мүмкүндүгүн берип келген жеңилдиктер 1993-жылы өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязов тарабынан киргизилген. Кийин калк үчүн каралган жеңилдиктерди 2030-жылга чейин сактоо тууралуу жобо мыйзамдык негизде бекемделген.

Мурдагы вице-премьер жана өлкөнүн Борбордук Банкынын башчысы Худайберди Оразовдун пикиринде, өкмөт көптөгөн жылдар бою жеңилдиктерди популисттик максаттарда пайдаланып келген.

Views
231
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18