24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
14:45, 07 июня 2017, 24.kg

Жалал-Абадда аялды зордуктаган эркектер анын чачын кырып салышкан

Жалал-Абадда аялды зордуктаган эркектер анын чачын кырып салышкан. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-майда Сузак районунун Көк-Таш айылынын 41 жаштагы тургунун ак түстөгү жеңил унаанын айдоочусу Кочкор-Ата шаарына жеткирип коюга макул болот. Бирок, айдоочу Майлуу-Суу шаарынан бурулуп, машинадагы шериктери менен кошо аялды тышка сүйрөп, көп кабаттуу үйдөгү батирге алып киришет. Зордуктап, сабап, чачын кырып, ал жерде 25-майга чейин кармашат.

Аял бошогон күнү Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылган. Алган жаракаттарынан улам ооруукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

ИИБсы шаардын 43 жаштагы З.К., Көк-Таш айылынын 22 жаштагы жана Бүргөндү айылынын 36-жаштагы К.А. аттуу тургундарын кармаган.

Views
463
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18