24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
12:33, 07 июня 2017, 24.kg

Ундун аткезчилигинен өлкө казынасына бул жылы 480 миллион сом түшпөйт

Ундун аткезчилигинен өлкө казынасына бул жылы 480 миллион сом түшпөйт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Ишкерлер биримдигинин өкүлдөрү билдиришти.

Ишкерлердин айтымында, өлкө салыктын айрым түрлөрүн алып салгандан эмес, тыштан унду мыйзамсыз алып кирүүдөн жоготууга учурап жатат. Алардын эсебинде, айына ун аткезчилигинен казынага 40 миллион сом зыян келтирүүдө.

Бажы органдарында катталбаган ундан бюджеттик жоготуулар 2014 -жылы 545 миллион сом, 2015-жылы — 762 миллион сом, 2016-жылы — 929 миллион, 2017-жылдын үч айында — 189 миллион сомду түздү.

«Эгер Кыргызстанга кирген ундун баарын мыйзамдуу түрдо каттап, анын килограммамына 12 пайыз наркка кошумча салыкты төлөсө, анда бюджетке 900 миллион сом түшөт. Учурда жергиликтүү ун комбинаттары жылдык керектөөнүн төртөн бирин гана чыгарат. Андыктан, депутаттар жергиликтүү ишкерлерди коргоо жаатында иш алып барса жакшы болмок», — деди ишкер Рустам Жунушов.

Views
206
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18