24.kg
Анастасия БЕНГАРД
11:14, 07 июня 2017, 24.kg

Бишкектин жаңы конуштарында 6 миң үй мыйзамсыз курулган

Депутат президенттикке талапкерлерди жер басып алгандардын үйлөрүн мыйзамдаштыруу боюнча куру убада бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова бүгүнкү отурумда билдирди.

Депутат Бишкектин айланасында, Чүй облусунда бир канча үйлөр газ түтүктөрүнүн үстүнө курган жарандар өз өмүрүн гана эмес, балдарынын саламаттыгын коркунучка кептеп жаткандыгын айтып өттү.

«Шайлоо алдында ар кандай куру убадалар берилип башталат. Айрым талапкер жаңы конуштун тургундарына үйлөрүн мыйзамдаштырууга дагы сөз беришет. Мындан оолак болуу керек. Биз кийинки муун алдында жооптуубуз» — деди Евгения Строкова.

Белгилей кетсек, Бишкектин айланасындагы 47 жаңы конушта 6 миң үй мыйзамсыз курулгандыгы маалымдалган. Алардын жарымы гана мыйзамдаштырылышы ыктымал.

Views
271
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18