24.kg
11:04, 07 июня 2017, 24.kg

БУУнун башкы катчысы Ош коогалаңынын 7 жылдыгына катышат

Кыргызстанга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келет. Ал Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарынын жүрүшүндө, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Түркменстанды кыдырарын БУУнун маалымат кызматы билдирет.

Антониу Гутерриш эртең Астанага келип, Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешмесине катышат. 9-июнь күнү президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушат.

Башкы катчынын 10-июнда Самаркандка барып, Шавкат Мирзиеев менен жолугушуусу күтүлөт.

Антониу Гутерриш 11-июнда Бишкеке келип, Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин Ош шаарына барат. Ал 2010-жылдагы Ош коогалаңынын 7 жылдыгына арналган иш чарага катышат.

В Душанбе Антониу Гутерриш выступит на конференции по устойчивому развитию, а в Ашхабаде примет участие в диалоге высокого уровня, посвященном реализации стратегии борьбы с терроризмом в Центральной Азии.

Views
237
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18