24.kg
Анара МАМЫТОВА
08:49, 07 июня 2017, 24.kg

Чүй облусунда бир күндө жоголгон балдар изделүүдө

Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы эки баланы издөөдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жоголгон балдардын экөө бир туугандар. Агасы, Рамазан Исаевич Дүйшөнбеков, 2005-жылы туулган жана анын карындашы Тахмина Исаевга Дүйшөнбекова, 2008-жылы туулган. Алар Панфилов районунун Панфилов айылынын тургундары. 5-июнь күнү кечки саат 18.30да үйдөн чыккан бойдон кайра келген эмес.

Баланын бою 120–125 сантиметр, чачы күрөң, кызыл футболка кара шым кийгендиги маалымдалат.

Кыздын бою 110 сантиметр, көзү кара, чачтары кызгылт, юбка жана ак футболка кийген.

Маалыматтарды төмөнкү телефондорго чалып, кабарлоону суранышат: 0312 43 01 27, 0312 43 88 85, 0312 60 79 89, 0550 88 87 24, 0701 50 27 03.

Views
208
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18