24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
16:41, 06 июня 2017, 24.kg

Толкунбек Абдыгулов: Банк тармагына япон капиталы тартылат

Кыргызстандын банктарынын биринин уставдык капиталына япониялык ишкерлер инвестиция салмакчы. Бул тууралуу парламенттин экономика жана фискалдык комитетинин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал депутат Дастан Бекешовдун япониялык банк ачылары боюнча маалыматын четке какты.

«Иштеп жаткан коммерциялык банкка эле япониялык ишкерлер акча салууну пландап турушат. Жакында сүйлөшүүлөр жыйынтыкталат», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы, бул жакшы жышаан экендигин, ага банк тармагы боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүү жол ачып жатканын белгилеп өттү.

«Бул башталышы, анын арты менен Япониянын компаниялары дагы Кыргызстанга келет деген ойдобуз» — деп бүтүмдөдү башкы банкир.

Views
176
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18