24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
14:25, 06 июня 2017, 24.kg

Садыр Жапаров ага коюлган айыптоолор боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүүнү каалайт

Мурдакы депутат Садыр Жапаров ага коюлган айыптоолор боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзүп, анализдеп чыгууну каалайт. Бул тууралуу ал бүгүнкү Биринчи май райондук сотунда билдирди.

Сотто Садыр Жапаровдун жактоочулары тогуз томдук иш менен танышууга убакыт сурашты. Сот алардын сунушуна макул болуп, келерки жыйынды 12-июнга белгиледи.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун сотуна бир катар журналисттер киргизилген эмес. Биринчи отурумда гана видео жана фотого тартууга уруксат берилди.

Мурдакы депутат 25-мартта кармалган. Ал «Адам өмүрүнө коркунуч туудуру», «Барымтага алуу», «Бейбаштык» беренелери менен айыпталууда.

Views
394
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18