24.kg
Анастасия БЕНГАРД
13:24, 06 июня 2017, 24.kg

Бишкекте 9-класстын окуучусу асынып өлдү

Бишкекте 9-класстын окуучусу асынып өлдү. Бул тууралуу «24.kg» агентигине ИИМден билдиришти.

Алардын айтымында, окуя ордо кааланын Свердлов районунда болгон. Алдын-ала маалыматтар боюнча окуучу кыз мектептеги сынакты тапшыра алган эмес.

«Апасы Казакстанга кеткен. Ал эми апасы менен чогуу жашаган киши жумуштан келип, асынып алган кызды тааптыр. Учурда кыздын зордукталган — зордукталбаганы иликтенип жатат», — дей ИИМ.

ИИМдин маалыматында, 2016-жылы республика боюнча 95 жашы жете элек бала өз өмүрүн кыйган. Алардын 39у кыздар, 56сы балдар. Үстүбүздөгү жылдын 4 айында 47 факт катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,5 пайызга көп. Быйыл 37 бала, 10 кыз өз өмүрүнө кол салган.

Мекеменин билдирүүсүндө, 29 бала ата-энеси менен чырдан кийин, үч бала ооруудан, 9 бала сүйүүдөн суицидке барган.

Views
287
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18