24.kg
08:31, 06 июня 2017, 24.kg

ЕАЭБ Индия менен эркин экономикалык аймак түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

ЕАЭБ Индия менен эркин экономикалык аймак түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда алдын-ала макулдашууга кол коюлгандыгын айтылат.

Эскерте кетсек, эркин экономикалык аймак түзүүнүн оң-терс жактарын 2016-жылы атайын жумушчу топ иликтеп чыккан.

«ЕАЭБ менен Индиянын кызматташтыгы жаңы-деңгээлге көтөрүлдү. Ал соода алаканы кеңейтип, инвестиция көлөмүн көбөйтөт», — деп айтылат маалыматта.

Эксперттердин билдирүүсүндө, соода алака 30–40 пайызга өсүүсү күтүлөт. Сүйлөшүүлөрдө эркин экономикалык аймакка бериле турган тарифдик жеңилдиктер, бажы эрежелери, интеллектуалдык укукту коргоо талкууга алынат.

Эгер келишим ишке ашып калса, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Индияга айыл-чарба товарларынын экспортунун өсүшү күтүлөт. Айрыкча, дан, өсүмдүк майы, жер-жемиш ташылып баштаары маалымдалат.

Views
150
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18