24.kg
08:25, 06 июня 2017, 24.kg

Америка араб өлкөлөрүн жарашууга чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтоткон Перс булуңундагы өлкөлөрдү биримдикке чакырып, алардын мындай чечими «күтүүсүз» болгонун белгиледи. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары билдирет.

Мамкатчы тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ортодогу пикир келишпестиктерди жоюушу керек деп эсептейт. Андан сырткары ал зарыл болсо көйгөйдү чечүүгө жардам берүүгө дагы даяр экенин айтты.

Күн мурун Бахрейн, Египет, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирлиги Катар менен дипломатиялык мамилелерин токтотконун билдиришкен. Кийинчерээк ал чечимге Йемендин расмий бийлиги жана Ливия менен Мальдивдин эл аралык коомчулук тарабынан таанылган убактылуу өкмөттөрү да кошулушкан.

Аталган өлкөлөр Катар «Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» террордук уюмдарын колдоп жатканын жана мындан улам аны менен болгон бардык байланыштарын токтото тургандыктарын айтышкан. Йеменде шииттик хуситтерге каршы согушуп жаткан эл аралык коалициянын башында турган Сауд Арабиясы мындан ары Катардын аскерлери бул согуштук операцияларга катышпай турганын билдирди.

Катардын бийлиги дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин «далилсиз айыптоолорго» негизделген деп эсептөөдө.

Views
201
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18