24.kg
08:23, 06 июня 2017, 24.kg

Ашхабад миграциялык көзөмөлдү күчөттү

Ашхабад миграциялык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Азаттыктын түркмөн кызматы маалымдайт.

Маалыматта, өткөн дем алыш күндөрү Ашхабад аэропортунда бир нече жүргүнчүнүн Дубай менен Стамбулга учуусуна уруксат берилбегендиги айтылат. Алардын жумушчу жана туристтик визалары болгондугуна карабай, чет жакка чыга алышкан эмес.

Айрым маалыматтар боюнча, акыркы бир нече ай ичинде Түркмөнстандын жарандары биометрикалык паспортторду жана чет элдик визаларды алууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Жергиликтүү байкоочулар мындай чектөөлөрдү Азиада-2017нин алдында ички жана сырткы миграцияны көзөмөлдөөнүн күчөтүлүшү менен байланыштырышууда.

Views
206
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18