24.kg
Анара МАМЫТОВА
12:51, 05 июня 2017, 24.kg

«Ак-Ордо-3» жаңы конушунда бачабаздыкка шектүүнү өз алдынча жазалооо алышкан

«Ак-Ордо-3» жаңы конушунун тургундары бачабаздыкка шектелген кишини кармап, өз алдынча жазалоого аракеттенишкен. Бул тууралуу видео Facebook тармагына жайгаштырылды.

Видеодо бир нече кишилер колу байланган кишини бетке-башка тепкилешүүдө.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы, окуя 3-апрелде болгондугун, Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну бычак менен коркутуп, 10 жашар кызды ээн үйгө алып кирип, зордуктоого аракет жасагандыгын маалымдашты.

«Кыздын кыйкырыгын коңшулар угуп калышып, шектүүнү кармашат. Азыр кылмыш иши козголуп, сотко өттү», — деп билдиришти.

Views
452
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18