24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
12:03, 05 июня 2017, 24.kg

Текебаевдин жактоочулары президентти суракка алууну сунушташты

Текебаевдин жактоочулары президентти суракка алууну сунушташууда. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакыпбекова бүгүнкү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 30 күбөнү чакыруу сунушталды. Алардын арасында, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, парламент депутаттары жана убактылуу өкмөттүн мурдакы аткаминерлери бар.

«Андан сырткары, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн дагы сурап чыгып керек», — дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси менен айыпталууда.

Views
282
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18