24.kg
Анастасия БЕНГАРД
12:01, 05 июня 2017, 24.kg

Бишкекте бруцеллез менен ооругандардын саны эки эсеге өстү

Бишкекте бруцеллез менен ооругандардын саны эки эсеге өстү. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Мамлекеттик эпидемологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы Артур Буюклянов билдирди.

Өткөн жылдын 5 айында 7 ооруу катталса, бул жылы 16 кишиден бруцеллез дарты аныкталган.

»Бул абдан кооптуу илдет. Ал өтүшүп кетиши мүмкүн. Андыктан, бышпаган сүт ичпеш керек. Бишкекке бир жолу Кеминден ооруган уйдун сүтүн алып келишкен. Уйду тапканча, 13 киши илдетке чалдыккан», — деди Артур Буюклянов.

Ал балдар арасында кургак учук ооруусу күч алып жатканын да маалымдай өттү.

Views
257
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18