24.kg
Анара МАМЫТОВА
09:36, 05 июня 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Лондондогу терактка байланыштуу көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын премьер-министри Тереза Мэйге Лондондогу терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

«Адам өмүрүн алып кеткен Лондондогу терактты оор кабыл алдым. Терроризм баардык көрүнүштө коркунучтуу жана эч бир актооого жатпайт», — деп айтылат көңүл айтууда.

Эскерте кетсек, 3-июнда Лондон көпүрөсүнүн жанындагы кичи автобус элдерди сүзгөн. Андан кийин «Боро» базарына жетишип, ал жердеги адамдарга бычак шилтеген. Жети киши каза болуп, 48 адам ар кандай жаракат алышты. Лондон полициясы терактка шектелген 12 адамды кармады.

Views
171
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18