24.kg
09:03, 05 июня 2017, 24.kg

Тажикстанда ЕККУ (ОБСЕ) Бюросунун макамы өзгөрөт

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Тажикстандагы бюросу жаңы макамда иштеп баштайт. 2017-жылдын 1-июлунан тарта уюмдун бул өлкөдөгү бюросу программалык кеңсеге өзгөртүлөт.
Натыйжада демократия, адам укуктарын сактоо, социалдык-экономикалык реформалар, терроризм жана экстремизм менен күрөшкө жардам берип келген бюронун ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилет.

ЕККУнун басма сөз кызматы бюронун макамынын өзгөрүлүшүнүн себептерин ачыктаган жок. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, ЕККУнун Венадагы туруктуу кеңеши мындай чечимди тажик бийлигинин талаптарынан улам кабыл алган.

Тажик бийлиги өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен «Группа 24» уюмдарынын өкүлдөрү былтыр сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынына катышканына нааразы болгон. Уюмдун макамынын өзгөрүлүшүнө дал ушул маселе себепкер экени айтылууда.

Буга чейин Кыргызстанда бийликтин суроосу менен ЕККУнун макамы өзгөртүлгөн. Уюмдун программалык кеңсеси 2017-жылдын 1-майынын тарта иштеп баштаган.

Views
148
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18