24.kg
10:22, 02 июня 2017, 24.kg

Бийлик журналист Улукбек Бабакуловдун коопсуздугун камсыз кылыш керек

Бийлик журналист Улукбек Бабакуловдун коопсуздугун камсыз кылыш керек. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитети(Committee to Protect Journalists) билдирди.

Эскерте кетсек, «Фергана» сайтынын редактору Улугбек Бабакуловдун айтымында, анын социалдык тармактагы улутчулдук боюнча макаласынан кийин коркутуп-үркүтүүлөр көбөйдү.

«Кыргызстандын бийлиги көз-карандысыз журналист Улукбек Бабакуловдун өмүрү үчүн жоопту. Анын оюн билдирүү жана жарыялоо укугу сакталышы керек» — дейт CPJ программасынын Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Нина Огнянова.

Комитет журналистке карата айтылган коркутуулар боюнча иликтөө жүргүзүп, парламент депутаттарынын Улукбек Бабакуловду жарандыктан ажыратуу сунушунан баш тартууну суранат.

«Фергана» агентигинин башкы редактору Даниил Кислов Бабакулдовдун коопсуздугуна коркуп жаткандыгын маалымдады.

«Өкмөттүк жана өкмөт көзөмөлдөгөн ЖМКлар тарабынан Улукбек Бабакуловго асылуулар күчөдү. Ага социалдык тармактан дагы коркутуулар болуп жатат» — дейт Даниил Кислов.

Views
442
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18