24.kg
Юлия КОСТЕНКО
10:13, 02 июня 2017, 24.kg

Дүйнөлүк банк: 2017-жылы Кыргызстандын экономикалык өсүүсү басаңдайт

Дүйнөлүк банк 2017-жылы Кыргызстандын экономикалык өсүүсү басаңдарын божомолдойт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Дүйнөлүк банкттын экономисты Бакыт Дубашов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы бюджеттин тартыштыгы кескин көбөйдү. Киреше бөлүгүнөн мамлекеттик киреше азайып кеткен. 2015-жылы салыктык эмес кирешелердин эсебинен гана бюджеттеги тең салмактуулук сакталган.

Дүйнөлүк банк 2017-жылы олуттуу өзгөрүү күтүлбөстүгүн маалымдады.

«Азыр Россия менен кошо аймактык экономика кайра ордуна келип жатат. 2017-жылы өсүү басаңдайт, бирок, 2018-жылы кайра бутка турат. Өлкөдөгү каатчылык айыл-чарба продукцияларынын көбөйүшүнөн жана мигранттардын акчалай которууларынын эсебинен азаят», — деди Бакыт Дубашов.

Views
191
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18