24.kg
Юлия КОСТЕНКО
10:10, 02 июня 2017, 24.kg

ЕАЭБке киргенден кийин Кыргызстан экономикасы күтүүсүздүктөргө дуушар болду

Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын экономикасы күтүүсүздүктөргө дуушар болду. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы экономисти Бакыт Дубашов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылкы экономикалык өсүүлөр «Кумтөргө" байланыштуу. Алтын өндүрүшүн кошпогондо өсүү 3 пайыздан ашпайт. Экономист мында 2015-жылдагы басаңдоолордун дагы таасири бар экенин белгилеп өттү.

«Өндүрүштө тармагында жакшы өсүүлөр байкалат. Бирок, башка тармактар жай жылууда. Бул айыл-чарба жана курулуш. Айрыкча, ЕАЭБке киргенден кийин тышкы соода менен иш жүргүзгөн ишкерлер кыйнычылыктарга кабылды», — деди Бакыт Дубашов.

Views
174
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18