24.kg
09:52, 02 июня 2017, 24.kg

Бүтүрүү кечелери тыюу салынгандан бери окуучулар арасындагы кылмыштуулук азайды

Билим берүү жана илим министрлигин айтымында, бүтүрүү кечелерине тыюу салынгандан бери мектеп окуучулары аралашкан кылмыштардын саны азайды. Бул тууралуу министрликтин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун билдирүүсүнө карата түшүндүрмөсүндө жазылган.

Эскерте кетсек, 18-майда Жогорку Кеңешдин депутаты Дастан Бекешев бүтүрүүчү кечелерге кайра расмий уруксат берүүнү сунуштаган. Депутаттын айтымында, министрликтин бул чечими кагаз жүзүндө калып, кечелер мурдакыдай эле мектеп, кафе-ресторандарда өткөрүлүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги чечим балдардын тең укуктуулугун камсыз кылуу үчүн кабыл алынгандыгын билдирет.

«Кечелерге акча төлөй албай калган балдар томсоруп, бөлүнүп, тышка калышчу. Бул алардын укугун бузуу болуп саналат. Жыл сайын 25-майда, 24-июнда шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү текшерүү жүргүзүшөт. Буйрукту бузган мектеп жетекчилиги жоопко тартылат», — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Белгилей кетсек, 2010-жылдан баштап, Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салган.

Views
331
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18