24.kg
Юлия КОСТЕНКО
16:12, 01 июня 2017, 24.kg

Бишкек — Кара-Балта жолунун подрядчиги эски асфальттын айласын таппай турат

Бишкек — Кара-Балта жолунун подрядчиги эски асфальттын айласын таппай турат. Бул тууралуу коомдук угууда EPTISAнын консультанты билдирди.

Анын айтымында, эки жума ичинде жолду оңдоого даярдык аяктайт. Бирок, эски асфальты кайсы жерде сактап, кийин кантип колдонууну билбей турат.

Транспорт жана жол министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Талант Садакбаев эски асфальт менен жолдун четин толтурууну сунуштады.

««Манас» аэропортунун жолунда эски асфальтты жолдун капталына колдонушкан. Албетте мында аны ташып чыгуу үчүн чыгым болот. Андыктан, ташып олтурбай, жайында колдонуу жолдорун издеш керек», — деди ал.

Views
401
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18