24.kg
12:05, 01 июня 2017, 24.kg

Ошто Балдарды коргоо күнү бир айга узарат

Ош шаарында Балдарды коргоо күнү бир айга узарат. Бул тууралуу Оштун мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта, шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругу менен «Биздин балдар — планетанын келечеги» аттуу бир айлык жарыялангандыгы айтылат. Бир айлыктын алкагында, социалдык коргоого муктаж балдар Т. Сатылганов атындагы сейил бактагы аттракциондорго атайын талондор менен акысыз ойноп, бекер таратылган бал муздак, шириндиктерди жей алышат. Андан сырткары, театрдык оюн-зооктор, маданий иш-чаралар дагы уюштурулуп турат.

Ош мэриясынын билдүүсүндө, бир ай ичинде мекеме-ишканалар тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү жана балдарга акысыз медициналык жардамдарды уюштуруу буйругу берилген.

Бүгүн болсо каалада «Менин шаарым» аттуу балдардын асфальтка тарткан сүрөттөрүнүн сынагы жана сейил бактарда ар кандай спорттук таймаштар жана концерттик программа болуп өттү.

Views
215
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18