24.kg
Анара МАМЫТОВА
11:31, 01 июня 2017, 24.kg

Наталья Никитенко өкмөттүн майып балдарга мамилесин сындады

Наталья Никитенко өкмөттүн майып балдарга мамилесин сындады. Жогорку Кеңештин депутаты бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоо жана алардын дарылануусуна, билим алуусуна алгылыктуу шарттар каралган эмес.

«Мамлекеттик эмес реаблитациялык борборлорго колдоо жок. Мисалы, социалдык заказ бар дейли, бирок, баардык эле борборлор ал жардамды ала алышпайт. Мамлекет мындай борборлордун электр жарыгына төлөм наркын төмөндөтүп, же дагы башка жеңилдиктерди бериши керек», — деди депутат.

Наталья Никитенко майыптардын укугу тууралуу конвенцияны ратификациялоо зарылдыгын эскертти.

Views
169
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18