24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
10:30, 01 июня 2017, 24.kg

Аюу-Сай айылында 43 чатыр жана 22 убактылуу турак жай орнотулду

Ош облусунун Өзгөн районунун жер көчкү жүргөн Аюу-Сай айылында 43 чатыр жана 22 убактылуу турак жай орнотулду. Анда айылдын 86 тургуну жашап жатат. Дагы 15и туугандарыныкында жайгашышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы Аюу-Сай айылынын башчысы Гафур Бадалбаевге шилтеп билдирет.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапты.

Ош шаарынын мэриясы бир тонна ун, 3,7 тонна макарон, таттуулар, 180 килограмм өсүмдүк майы болуп, жалпысынан 200 миң сомдук жардам көрсөткөнүн маалымдайт.

Views
148
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18