24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
09:32, 01 июня 2017, 24.kg

super.kg порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен соттошот

super.kg сайты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен соттошот. Бул тууралуу порталдын редакциясынан кабарлашты.

Алардын айтымында, министрлик Дача-Су айылына кулаган «Боинг» учагынан жабыр тарткандарга жардамга чогулган 102 миллион сом каякка которулгандыгы жөнүндө маалыматты бербей жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен «24.kg» агентигине бул боюнча маалымат ачык экендигин билдиришти.

«Бул боюнча иш кагаздары 450 беттен турат. Анын баары иштелип чыккандан кийин баардык ЖМКларга жөнөтөбүз. Бирок, мында жапа чеккендер алган акчасы тууралуу элге жарыялагысы келбестигин дагы эске алуу керек», — дейт ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шарипова.

Эскерте кетсек, ӨКМдин эсебине Дача-Судагылар үчүн 100 миллион 499 миң сом топтолгон.

Views
235
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18