24.kg
Анара МАМЫТОВА
09:15, 01 июня 2017, 24.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы Өмүрбек Бабановго жооп берди

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) биометриялык паспорттордон маалыматтарды окуу үчүн Google Play Marketтен KGZ eID NFC Reader бекер мобилдик тиркемесин көчүрүп алууну сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Алардын айтымында, ID -карталардагы чипке катылган маалыматтарды окуу үчүн мобилдик телефон, же NFC түзүмү бар планшет жетиштүү. KGZ eID NFC Reader тиркемеси аркылуу бул өздүк маалыматтарды билүүгө болот: туулган жылы жана жери, жынысы, үй-бүлөлүк абалы, паспорттун мөөнөтү, номуру.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов жыйында, паспорттун жаңы үлгүсү менен банктар иш жүргүзө албастыгын айткан. Депутаттын билдирүүсүндө, банктарда паспорттогу чипке катылган маалыматтарды окуй ала турган жабдуусу жок.

Views
244
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18