24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
16:17, 31 мая 2017, 24.kg

Бакшы прокуратура «Азаттык» менен соттошпой турган болду

Башкы прокуратура «Азаттык» радиосуна каршы берген доо арызын соттон кайтарып алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын өкүлү Руслан Абдырахманов бүгүнкү соттук отурумда билдирди. Учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын жактоочуларына, Zanoza.kg сайтына жана журналист Нарын Айыпга каршы берилген, президент Алмазбек Атамбаевдин аброюн жана ар-намысын коргоо боюнча доо арыз каралып жатат.

Руслан Абдырахмановдун айтымында, 13-майда president.kg порталында Алмазбек Атамбаевдин «Азаттыктан» такталбаган маалыматты жарыялагандыгы үчүн 20 миллион сом талап кылган доосу кайтарылып алынары боюнча маалымдалган.

Башкы прокуратура сотко арыз менен бирге радионун камоого алынган мүлкүн, банктык эсебин бошотууну суранды.

Views
274
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18