24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
16:05, 31 мая 2017, 24.kg

Алайда айыл чарба жерин үй курууга берген аткаминерлерге кылмыш иши козголду

Айыл чарба жерин үй курууга берген Алай районунун аткаминерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү билдирет.

Алардын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмүнүн жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жер мыйзамын бузгандыгы үчүн 305-беренеси менен айыпталууда.

Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу 12 сотых айыл чарба жери, 2011-жылдын 19-сентябрында үй курууга берилген.

Кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын чечимин жокко чыгаруу сунушу сотко жөнөтүлдү.

Views
211
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18