24.kg
13:48, 31 мая 2017, 24.kg

Табигый кырсыктан жапа чеккендерге 6 миллион 609 миң сом төлөнүп берилди

2016-жылдын февраль айынан баштап, табигый кырсыктан жапа чеккендерге 6 миллион 609 миң сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздоо уюумунун төрагасынын орун басары Бурулкан Калматова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын алты айы менен үстүбүздөгү жылдын беш айын салыштырсак, мүлкүн камсыздандырууну каалагандардын саны арбыган.

«Эгер 2016-жылы 10 миң үй камсыздандырылса, 2017-жылдын 5 айында 10 миң 877 үй ээси менен келишим түзүлгөн», — деп, кошумчалады аткаминер.

Бурулкан Калматованын билдирүүсүндө, Чоң-Алай районундагы камсыздандырылган 192 үйдүн 25и зилзаладан зыян тарткан. Аларга жалпысынан 4 миллион 889 миң сом төлөнүп берилди.

Views
197
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18