24.kg
Юлия КОСТЕНКО
15:14, 30 мая 2017, 24.kg

Кыргызстанда ун менен дандын импортуна кайра наркка кошумча салык киргизилет

Кыргызстанда ун менен дандын импортуна кайра наркка кошумча салык киргизилет. Бул тууралуу бүгүн парламенттин экономика жана фискалдык комитетинин отурумунда сөз болду.

«Салык кодексин ишке киргизүү" мыйзам долбоорунун демилгечиси Кенжебек Бокоевдин айтымында, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана республикалык бюджеттин дефицитин кыскартуу үчүн сунуш киргизилди.

Сунушта ун жана данды импорттоого 12 пайыздык наркка кошумча салык киргизүү каралган.

Эскерте кетсек, наркка кошумча салык бир жыл мурда алынып салынган.

Депутаттын пикиринде, эгер наркка кошумча салык киргизилбесе, анда унду кайра иштетүүдөн түшкөн салык жыл сайын бир миллиард сомго азая берет.

Views
193
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18