24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
13:10, 30 мая 2017, 24.kg

Карганбек Самаковдун соту бешинчи жолу жылдырылды

Карганбек Самаковдун ишин караган соттун саламаттыгына байланыштуу отурум бешинчи жолу жылдырылды. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине каралып жаткан кылмыш ишине байланышы бар парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотундагы ишти кароо бүтүп, эки күбөдөн көрсөтмө алуу гана калган.

Бул иш боюнча Игорь Чудиновго дагы айып тагылууда.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Карганбек Самаковго каршы 14-майдын 2015-жылы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовкадагы 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура 19 жыл эркинен ажыратууну талап кылууда.

Views
161
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18