24.kg
11:43, 30 мая 2017, 24.kg

Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго каршы кылмыш иш козголду

Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго каршы кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын эки депутаты 2009–2015-жылдары «Машинасыноочустанция» АККсынын 200 миллион өлчөмүндөгү бюджеттик сссудасын максатсыз колдонгондугуна айыпталууда.

Башкы көзөмөл органынын маалыматында, иш УКМК топтогон материалдардын негизинде «Коррупция» беренеси менен козголуп, аны тергөө УКМКга өткөрүлүп берилди.

Акылбек Жапаров 2009–2010-жылы биринчи вице-премьер-министр болгон. 2011-жылы Каржы министри болуп дайындалган. Учурда парламенттин депутаты.

Ал эми Игорь Чудинов болсо, 2007–2009-жылдары өкмөттү жетектеген. 2009-жылдын ноябрында Өнүгүү фондунун директорлугуна бекитилет. Учурда ал да парламенттин депутаты.

Photo 33697

Views
438
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18