24.kg
Анара МАМЫТОВА
10:52, 30 мая 2017, 24.kg

Сапар Исаков «Таза коом» долбоорун каржылоо булактарын ачыктады

Сапар Исаков «Таза коом» долбоорун каржылоо булактарын ачыктады. Президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков айрым долбоорлорго чоң акча эмес, саясый эрк талап кылынарын билдирди.

«Айрым долбоорлорго салынган акча кайра кайтарылат. Андыктан, аларды ишке ашырууга бизнес сектор тартылат. Мамлекет жана менчик өнөктөштүгү принципи боюнча ишке ашат», — деп Сапар Исаков, ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорго баары бир чоң каражат керектигин кошумчалай кетти.

Сапар Исаков «Таза коом» программасын ишке ашыруу үчүн өнөктөштөргө атайын фонд түзүүнү сунуштаарын билдирди.

«Фонддун иши ачык жана айкын болушу шарт. Иштөө тартибинде чет элдик уюмдардын үлгү алат», — деди, Сапар Исаков.

Views
301
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18