24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
08:27, 30 мая 2017, 24.kg

Жаштардын 39 пайызы гана тандаган университетине канааттанат

Жаштардын 39 пайызы гана тандаган университетине канааттанат. Бул тууралуу Стратегиялык иликтөө улуттук институту жүргүзгөн СМС-сурамжылоонун жыйынтыгында аныкталды. Институттун маалыматында, иликтөө мектептердеги акыркы сынактар алдында, бүтүрүүчүлөрдүн арасында жүргүзүлгөн.

Сурамжылоого 40 райондон 946 адам катышкан. Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр (47 пайызы) мамлекеттик ЖОЖдорго тапшырууга даярданып жатса, 10 пайызы чет өлкөдө билим алууга камынып, 9 пайызы менчик окуу жайларда окугусу келет.

Жаштардын 32 пайызы билим сапатын жогору койсо, 18 пайызы университетти эмгек рыногундагы ордуна жараша тандайт. Дагы 18 пайызына кандай окуу жайда окуганы маанилүү эмес.

Бүтүрүүчүлөрдүн 24 пайызы ЖОЖду ата-энесинин калоосуна, 24 пайызы — тууган-тааныштардын кеңешине, 25 пайызы — контракттын баасына ылайык тандашат.

Views
181
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18