24.kg
Анастасия БЕНГАРД
16:31, 29 мая 2017, 24.kg

Канча кыргызстандык чет өлкөдө дин жаатында билим алып жатканы белгисиз

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы канча кыргызстандык чет өлкөдө диний билим алып жаткандыгын билбейт. Жогорку Кеңештин бүгүнкү профилдик комитетинин жыйынында комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев так маалымат бере алган жок.

Анын айтымында, четке диний билим алууга чыккандардын санын аныктоого мүмкүн эмес. Бирок, азыркы парламентте талкууланып жаткан мыйзам долбоорго ылайык, орто билими бар жарандар тийиштүү органдарды кабарлагандан кийин гана чет өлкөдөгү диний окуу жайларга кире алышат.

«Ошондо гана биз канча жаран кайсы өлкөдө кайсы окуу жайлардан билим алып жатканын эсептеп тура алабыз», — деди Закир Чотаев.

Талкуунун жыйынтыгында, депутаттар «Кыргызстандын диний уюмдары жана дин тутуу эркиндиги» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүнү колдошту.

Views
283
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18