24.kg
Анастасия БЕНГАРД
15:03, 29 мая 2017, 24.kg

Кадыр Маликов: Салафизмдин жайылышына көз жумуп койдук

«Азыр эң бир коопту — бул салафизм. Тилекке каршы бул агымдын жайылышына бир көз жумуп койдук», — деди дин тануучу Кадыр Маликов, парламенттин профилдик комитетинин жыйынында.

Кадыр Маликовдун айтымында, бул агымдын өкүлдөрү жана үгүтү Кыргызстанга Казакстан жана башка белгилүү бир борборлордон келип жатат.

«Эки жыл мурда парламент Персия булуңу менен визасыз режим кабыл алды. Күтүлгөндөй миллиондогон инвестиция келген жок. Анткен менен Сауд Арабия, Кувейт жана Катардан туристтер менен бирге шейхтер дагы келип жатат. Алар жөн жай келишпейт. Нак акча көтөрө келип, ваххабиттерди даярдоочу Медина университетине биздин жаштарды алып кетип жатат», — деди ал.

Ислам таанучунун билдирүүсүндө, өзгөчө өлкөнүн түштүк облустарында салафизм кеңири жайылып жатат.

Жыйында дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү сунушталууда.

Views
336
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18