24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
11:44, 29 мая 2017, 24.kg

Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн канчага сатылгандыгын айтып берди

«Кезинде кээ бир жетекчилер куралдуу күчтөрдү тыйынга сатып жиберген. Алардын айрымдары дагы эле үнүн чыгарып калат» — деп, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.

Президенттин айтымында, 90-жылдары айрым жетекчилердин сөздөрү кыргыз армиясынын рухун сындырып, Куралдуу күчтөргө олуттуу зыян тийгизген.

«Андай мамиленин жыйынтыгына биз Баткен окуяларында күбө болдук. Эгер, 1999-жылы чек араны бузуп кирип келген куралдуу топторго каршы 4 миң 623 аскер турса, 2000-жылы 6 миң 675 аскер гана чыгарылган. 99-жылы 18, 2000-жылы 31 жоокер каза тапкан» — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент 2011-жылы аскердик парадка кээ бир техника аянтка жетпей, жолдо бузулуп калгандыгын эскерип өттү.

«Андыктан реформа керек. Армияны бутка тургузуу өлкөнүн башкы тапшырмасы болушу шарт», — деди президент

Views
253
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18