24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
13:34, 18 мая 2017, 24.kg

Аида Касымалиева быйыл балдар күнүн белгилебөөнү сунуштады

Аида Касымалиева быйыл балдар күнүн белгилебөөнү сунуштады. Бул боюнча ал Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Депутат жол кырсыгынан жапа чеккен балдарды жана Ош шаарындагы Навои эс алуу багындагы карусель кырсыгын эске алып өттү.

«Паркты иштеткен ишкер да комментарий берүүдөн баш тартууда. Мындай жагымсыз окуяларга ким жооптуу? Эс алуу парктарындагы аттракциондордун коопсуздугуна тыкыр көзөмөл жүргүзүү зарыл» — деди ал.

Касымалиева 1-июнь — Балдарды коргоо күнүн шаан-шөкөт менен өткөрүүнүн ордуна балдарды коргоо жаатындагы иш-чараларга басым жасоо керектигин белгиледи.

Views
117
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18