24.kg
13:27, 18 мая 2017, 24.kg

Активисттер жол кырсыгын азайтууну талап кылууда

Активисттер жол кырсыгын азайтууну талап кылууда. Бул боюнча бүгүн Бишкекте өткөн митингде айтылды.

Митингге чыккан жарандык активисттер менен жолугушууга Бишкек шаарын вице-мэри жана Патрулдук милициянын начальниги келди.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күндө үч киши жолдо каза болот дегенди билдирет. Ал эми өлкөдө катталган жол кырсыктарынын ар бир үчүнчүсү ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгат. Жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталса, анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болгон

Views
119
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18