24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА
12:05, 18 мая 2017, 24.kg

Жанар Акаев: гранттык окуу тизмесине аткаминерлердин балдары кирген

Гранттык окуу тизмесине аткаминерлердин балдары кирген. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүнкү жалпы жыйында билдирди.

Анын айтымында, чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатат. Венгрияга окууга тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калган.

«Мага бир нече ата-эне кайрылды. Венгрияга гранттык окууга сынак тапшырган жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам жиберилген эмес. Ал аз келгенсип резервдеги 25 баланын да документи жөнөтүлгөн эмес. Жакында Билим берүү жана илим министрлиги кандай негизде сынак өткөргөнү белгисиз. Башка 25 студенттин тизмесин Венгрияга жиберген. Алардын арасына өкмөт жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн балдар-кыздары кирип калган. Мендеги маалымат боюнча Венгрияга окууга Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы, ушул эле мекеменин бөлүм башчысынын кызы, парламент депутатынын кызы, керек болсо айрым айыл өкмөт башчыларынын балдарына чейин кирип калганы табышмактуу» — дейт ал.

Депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, маселе боюнча түшүндүрмө сурады.

Views
90
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18