24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
10:05, 17 мая 2017, 24.kg

Жалал-Абад облусунда жүк ташуучу унааны кум-шагыл басып калды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунда тоодон кулаган таш аралаш кум-шагыл бир жүк ташуучу автоунааны басып калды. Кырсык 16-майда түндө жолдун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, машинеде 30 жаштагы айдоочудан тышкары дагы бир адам бар болчу. Экөөнүн тең абалы дурус.

Учурда жол тазаланууда. Бирок таш кулоо коркунучу бар болгонуна байланыштуу тазалоо иштерине тоскоолдук жаралып атат.

Views
132
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18