15:14, 17 августа 2023, 24.kg

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берет

Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков «Азаттыкка» билдирди.

Кеп «Дилором», «Золотые пески», «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары жөнүндө болуп жатат.

Тургунбеков белгилегендей, Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө.

Өкмөт 2020-жылы эле «Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, «Рохат» — «Алтын жай», «Дилором» — «Эне-Сай», «Золотые пески» — «Бостери» деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аталышы ошол бойдон калган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18