10:49, 17 августа 2023, 24.kg

Бишкектеги жогорку окуу жайынын негиздөөчүсү имараттарды мыйзамсыз ээлеп алган

Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын (МАУПФиБ) негиздөөчүлөрү Касийра Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалап, Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүндө жайгашкан 3 кабаттуу окуу корпусун, 5 кабаттуу жатаканасын жана 1,7 гектар жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышкан.

«Ал убакыттан бери 200 миллион сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй, мыйзамсыз жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкен. Башкы прокуратуранын тарабынан мыйзамсыз жана жасалма документтер жокко чыгарылып, 445 миллион сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды», — дейт мекеме.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Академиянын ишмердүүлүгү токтотулуп, студенттерди башка окуу жайларга которуу маселеси каралууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18