15:16, 16 августа 2023, 24.kg

Садыр Жапаров тазалыкты сактоого чакырган видео жарыялады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында тазалыкты сактоого чакырып, видео жарыялады. Бишкек — Ош жолунда улгайган апанын таштанды чогулткан тасмасын буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары бөлүшкөн.

«Балдарым, таштанды таштабагыла. Президент айтып жатат, тазалык керек. Көк-Бел ашуусундагы Бишкек — Ош жолунда терип жатам. Кыздарым, уулдарым, уят болот. Тазалыкты сактагыла», — деп айткан чоң апа.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы бир нече жолу кыргызстандыктарды Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жана анын айланасында тазалыкты сактоого чакырган. Ал «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» жана «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыктарга кол койгон. Ошондой эле, «Таза мурас» программасын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18