13:04, 16 августа 2023, 24.kg

Ошто баласы атасын өлтүрүп, качууга аракет кылган

Ош облусунда өз атасын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kgге өздүк булактар билдирди. Окуя Амир-Темир микрорайонунда болгон.

"Кылмыш жасагандан кийин шектүү документтерин алып, такси менен качып кетүүгө аракет кылган. Ал кармалды", — деп билдиришти редакцияга.

Ош шаарынын ИИБи 24.kgге маалыматты тастыктады. Мекеменин маалыматына ылайык, атасы менен баласы уруша кетип, ал атасын өлтүрүп койгон.

«Маркум 68 жашта болгон. Алар бир короодо жашашчу. 14-августта уулу атасы менен урушуп, андан кийин бычак алып, бир нече жолу сайган. Кылмыш иши козголду», — деп билдиришти мекемеден.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18