10:54, 16 августа 2023, 24.kg

Жарым жылда Кыргызстанга 2,1 миллиард киловатт саат электр энергиясы импорттолду

2023-жылдын январь айынан июнга чейин Кыргызстан 2 миллиард 104,1 миллион киловат саат электр энергиясын сатып алган. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети келтирди.

Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 513,3 миллион киловатт саатка өскөн. Эң көп электр энергиясы Түркмөнстандан импорттолгон — 1 миллиард 7,5 миллион киловатт саат. Мындан тышкары, республика 667,5 миллион киловатт саат Казахстандан, 283,4 миллион киловатт саат Россиядан, 145, 6 миллион киловатт саат Өзбекстандан сатып алган.

Импорттолгон электр энергиясынын жалпы баасы дээрлик 5 миллиард сомду түздү.

Демек, бир киловатт орто эсеп менен 2,4 сомго бааланган. Ошол эле учурда, Түркмөнстан жана Казахстандан электр энергиясы 2,6 сомдон, Россиядан 2,09 сомдон сатылып алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18