09:40, 16 августа 2023, 24.kg

Жалал-Абадда жыландын уусун мыйзамсыз сатууга аракет кылышкан

Жалал-Абад облусунда жыландын уусун мыйзамсыз сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука айылынын аймагында чет элдик жаран жана үч кыргызстандык 500 ампуладан ашык уулуу зат Gurza — vipera Leberetna turaniga сатып жаткан жеринен кармалды.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталды.

Жыландын уусу Кыргызстандын аймагына чектеш өлкөлөрдүн биринен мыйзамсыз алынып келингени аныкталды. Ал зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды өндүрүүдө колдонулат. Көмүскө базарда гюрза уусунун 1 граммынын баасы 300 доллардан 600 долларга чейин турат.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18