09:21, 16 августа 2023, 24.kg

Дональд Трампка төртүнчү айып тагылды

14-август күнү кечинде эки жылдык иликтөөдөн кийин Жоржиянын Фултон округунун прокурору АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка айып такты.

Трамп АКШнын ири шаарларынын бири Атлантаны камтыган дал ушул округда 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз өзгөртүүгө аракет кылган деп айыпталууда.

Мурдагы президент жана анын айланасындагы он сегиз киши, анын ичинде Трамптын адвокаты болуп иштеген Нью-Йорктун мурдагы мэри формалдуу түрдө рэкет иши боюнча айыпталууда. Айыптоо корутундусунда рэкетчиликтен тартып кутумчулук, жалган көрсөтмө берүү деген айыптарды камтыган 41 пункт бар. Дональд Трамптын өзүнө 13 берене боюнча айып тагылган.

Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18